Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № XXXXIII/4
Баетов айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржыланган акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен түрткү берүүчү катары каржыланган акча каражаттарын пайдалануу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түрткү берүүчү катары каржыланып жаткан акча каражатынын (71093) соц коргоо разделине бекитилген 174000 (бир жүз жетимиш төрт миң) сомдун:
-100,0(жүз миң) сому Баетов айыл аймагынын жашоочусу Билимбек кызы Калмиранын өспүрүмдөр арасында Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль алып экинчи орунду камсыз кылгандыгын эске алуу менен чемпионатка даярдык көрүүдөгү кеткен чыгымдары жардам катарында төлөнүп берилсин.
Соц коргоо разделинин 71093 2721 стаьясына 74,0 миң айыл аймактагы жашаган социалдык жардамга муктаж адамдарга жардам катары төлөнүп берилсин.
2. Республикалык бюджеттен түрткү катары каржыланган акча каражатын өз максатында пайдалануу жетектөөчү адис башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу Нарматова Венерага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |