Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № XXXXIII/5
Баетов айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржыланган акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын пайдалануу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXI1I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аппарат разделинин (70111) 2111 статьясында үнөмдөлгөн 298600 (эки жүз токсон сегиз миң алты жүз) сом акча каражаттары жылдын жыйынтыгы менен сый акы катары аппарат кызматкерлерине берилсин.
2. Сый акыны төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Сый акыны эсептөө, толөп берүү жагы жетектөөчү адис башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу Нарматова Венерага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |