Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-февралы № XXXXV/3
Жергиликтүү бюджеттин сметасындагы статьялардан жылдыруу жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасынан статьяларды жылдыруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине төмөндөгүдөй озгөртүү киргизилип бекитилсин:
№ | раздел | статья | сумма | Статьядан кыскартуунун себеби |
1 | 70911 | 2218 | 787,0 | 2020-жылдын март айынан бери бала бакчалар коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучтарынын алдын-алуу максатында иштебегендиктен үнөмдөлөт |
2 | 70629 | 3112 | 400,0 | Дыйкандарга комбайн сатып алууга бекитилген акчадан кыскартылат |
Жалпы: 1187,0 сом акча каражаты кыскартылды. | ||||
№ | раздел | статья | сумма | Статьяга жылдыруунун максаты |
1 | 70911 | 3111 | 665,0 | “Тынчтык” балдар бакчасын ремонттоого стим.грантка өздүк салымга |
| 70911 | 2215 | 25,0 | Балдар бакчалардын имараттарын камсыздандырууга |
2 | 70911 | 2222 | 97,0 | Балдар бакчаларына эмерек сатып берүүгө |
3 | 70629 | 2215 | 40,0 | Кызмат көрсөтүүлөргө (экотехинспекциясынын айыптары үчүн) |
4 | 70111 | 2215 | 195,2 | Ыссык-Куль-Нарынский фонд охраны природы и развития лесной отрасли (за 2019-2020г.г) жаратылыш пайдаланууга |
| 70111 | 2215 | 85,5 | ГА по упр. Бюджетным кредитам при МФ КР Акматов Чоюбектин 2013-жылдагы №187 товарный кредити үчүн |
5 | 70111 | 2212 | 25,6 | Волокно интернет орнотуу үчүн |
5 | 70921 | 2221 | 53,7 | Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине |
| Жалпы: 1187,0 сом жылдырылып бекитилсин | |||
2. Жылдырылган акча каражатын өз максатында пайдалануу, которуп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |