Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № XXXXVI/1
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-декабрь 2016-жылдагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык иштелип чыккан токтомуна иштелип чыккан токтомуна күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектеги XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы административдик кызмат ордунун квалификациялык талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык орундардын реестрине ылайык белгиленгендиктен, Баетов айылдык кеңешинин конкурстук комиссиясынын курамына 5 адам көрсөтүлсүн.
2. Комиссиянын төрагасы:К.Абакиров-бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиянын төрагасы
Комиссиянын мүчөлөрү:
М.Найыпбек уулу-№5 шайлоо округунун депутаты
А.Аалиев-айыл өкмөт башчысынын орун басары
З.Турдукулов-коомдук уюмдан
А.Султанмуратова-квартал башчысы
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |