Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № XXXXVIII/1
Жергиликтүү бюджеттин сметасындагы статьяларындагы акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалдын абалы жөнүндө №10 чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун койгон тапшырмаларын жана Республикалык оперативдүү штабдын 06.07.2020-жылдагы жыйынында коюлган тапшырмаларын жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отурумунун 2020-жылдын 13-июлундагы №88 протоколдук тапшырмаларын жетекчиликке алып, айыл аймакта санитардык-эпидемиологиялык кырдаал күчөп, коронавирус инфекциясы жуккандардын саны көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан оорунун алдын-алып айыл аймактагы кырдаалдагы жөнгө салуу максатында Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасынан стаьяларды жылдыруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XXXXVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип бекитилсин.
№ | раздел | Статья | Сумма | Статьядан кыскартуунун себеби |
1 | 70911 | 2218 | 600,0 | 2020-жылдын март айынан бери бала бакчалар короновирус инфекциясын таралуу коркунучтарынын алдын-алуу максатында иштебегендиктен үнөмдөлөт |
2 | 70111 | 2215 | 97,6 | Жаратылыш пайдаланууга каралган акчадан кыскартылат |
3 | 70911 | 2222 | 97,0 | Бала бакчаларга эмерек сатып алуу үчүн каралган акча каражаты кыскартылат |
Жалпы | 794,6 сом акча каражаты кыскартылсын
| |||
№ | раздел | статья | сумма | Статьяга жылдыруунун максаты |
1 | 70111 | 2214 | 40,0 | Учурдагы кырдаалга байланыштуу ГСМ үчүн |
2 | 70111 | 2222 | 377,0 | КОВИД-19на байланыштуу күндүзгү стационарларды уюштурууга эмеректерди (кровать,жууркан,шейшеп, генератор башка чарбалык буюмдарды) алууга |
3 | 70629 | 2214 | 80,0 | Учурдагы кырдаалга байланыштуу, айыл ичиндеги мусорлорду тазалоого жана башка жумуштар үчүн ГСМ үчүн |
4 | 71093 | 2721 | 200,0 | Жардамга муктаж адамдарга жардам берүүгө |
5 | 70629 | 2222 | 97,0 | Учурдагы кырдаалга байланыштуу жана чарбалык буюмдарды сатып алууга |
Жалпы: | 794,0 сом жылдырылып бекитилсин. | |||
2. Жылдырылган акча каражатын өз максатында пайдалануу, которуп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |