Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № XXXXVIII/2
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата кабыл алынган киреше-чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизип акча каражаттарын кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2020-жылдын 8-июнундагы № 14-2-/5448 №01-19/31 катына жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Ак-Талаа райондук башкармалыгынын 2020-жылдын 9-июнундагы №01-19/31 каттарына ылайык, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата бекитилген планынын киреше-чыгаша булактарынан екыскартуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген планына төмөндөгү киреше булактарынан кыскартылсын.
1. Киреше бөлүгү боюнча :
Элемент | Кирешенин аталышы | сумма |
11121100 | Чакан ишкердик субьектилери үчүн бирдиктүү салык | 10,8 |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизиндеги | 20,0 |
11122100 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 200,0 |
1142100 | Сатуудан алынуучу салык | 108,2 |
| Баары: | 339,0 |
2. Чыгаша бөлүгү:
раздел | Статья | Чыгашанын аталышы | сумма |
70911 | 22181100 | Бала-бакчаларга тамак аш үчүн | 339,0 |
| Баары: |
| 339,0 |
3. Жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр боюнча иш алып баруу жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |