Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № XXXXVIII/3
Баетов айыл аймагында жеке агрономдордун иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында Карасартов Жанышбек Макилович жеке агроном катары иш жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл тургундарынын, фермерлердин кайрылуулары боюнча 1 гектар дан эгиндин, картошканын аянты 1500 сом, 1 түп алма, өрүктү 100 сомдон илдеттерге, зыянкечтерге каршы иштеүү тарифи бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козөмолдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |