Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-июну № 55/80
Коңорчок айыл ѳкмѳтүнѳ айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун негиздери жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык,Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомуна ылайык,Ак-Талаа райондук мамлекеттик салык кызматы башкармалыгы менен Конорчок айыл ѳкмѳтүнүн келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жетектѳѳчү адис салык кызматкерине берилген финансалык,материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүү жагы суралсын.
Төрага: | Байыш у У. |