Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-ноябры № 57/82
Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражаты толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Коңорчок жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкɵн акчасын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен жайыт комитетинин бюджетине толугу менен которулуп берилсин.
2. Коңорчок айыл ɵкмɵтүнүн 70629- разделиндеги 2222-статьясынан 90,0 миң. сомду, 70429-разделинин 2215- статьясына 90,0 миң.сом жылдырылсын.
3. Жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук которуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Төрага: | Байыш у Улук |