Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-майы № I/1
Баетов айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 12-май 2021-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин жана Баетов айылдык кеңешинин төрагасы болуп Азимжанов ЧерЛЭнС шайланды деп эсептелсин.
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Респбуликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага кылуучу: | Б. Капарбек уулу |