Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин VII- чакырылыштагы депутаттардын I-сессиясынын
2021-жылдын 13-майы № I/3
Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө Депутаттардын Баетов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин регламенти алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктундагы өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 52-берененин 10-пунктунда көргөзүлгөн жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына төрт жолу келбеген депутаттардын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы белгиленсин.
4. Бекитилген регламенттин негизинде иш жүргүзүү Баетов айылдык Кеңешинин депутаттарына жана тармактык комиссияларга, айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У. Жээнбековага милдеттендирилсин.
Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ч. Азимжанов |