Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-августу № V/1
Баетов айыл аймагында, шагыл, топурак алуучу карьерлерге күбөлүк алуу жөнүндө
Баетов айыл аймагында шагыл топурак алуучу карьерлерге күбөлүк алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы “Көк-Дөбө” участкасындагы № 547 –контурундагы 0,10 га жер аянтына шагыл алууга уруксат берилсин.
2. Баетов айыл аймагындагы “Кара-Чий” участкасындагы № 688 - контурундагы 0,10 га жер аянтына топурак алууга уруксат берилсин.
3. Жогорудагы аты аталган жерлерге күбөлүк алуу үчүн Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч. Азимжанов |