Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-августу № V/2
Баетов айыл аймагында таштанды төгүүчү полигон, малдын өлүгүн таштоочу яма беккарилерге жер жок болгондуктан жайыт жерлерди которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Баетов айыл аймагында таштанды төгүүчү полигон, малдын өлүгүн таштоочу яма беккарилерге жер жок болгондуктан жайыт жерлерин которуштуруу (трансформациялоо) боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл аймагындагы таштанды төгүүчү полигон үчүн “Кара-Чий” участкасындагы № 688 –контурдагы 2,0 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
2. Баетов айыл аймагындагы беккари чуңкурун (малдын өлүгүн таштоочу жай) салуу үчүн “Кара-Чий” участкасындагы № 688 –контурундагы 0,10га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
3. Баетов айыл аймагындагы беккари чуңкурун (малдын өлүгүн таштоочу жай) “Как-Көл” участкасындагы № 362 –контурундагы 0,10 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштынкоргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
4. Жогорудагы аты аталган жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч. Азимжанов |