Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2020-жылдын 2-ноябры № 3
Жайыт жолдорун бузулушуна байланыштуу, жайыт жолдорун сактоо максатында көмүр кенинен оор жүк ташуучу Хово автоунааларын жайыт жолдоруна жүргүзбөө жөнүндө
1. Жайыт жолдорун бузулушуна байланыштуу, жайыт жолдорун сактоо максатында көмүр кенинен оор жүк ташуучу Хово унаалары, айыл аймакка тиешелүү жайыт жолдоруна жүргүзүлбөсүн.
2. Бул токтом боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып баруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Ш. Турумбековко жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы Э. Айыповко милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: | А. Жунусов |