Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 2-ноябры № 6
Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын “УСТАВЫН” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорунун талкуулап ,жыйындарда жергиликтүү жамааттан,депутаттардан түшкон сын-пикир,сунуштарын эске алып ,Ак-Чий айылдык Кенешинин укук,мыйзамдуулук жана тартип боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп ,Ак-Чий айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-болугунун 8-пункутуна таянып,токтом кылат:
1. Тиркемедеги Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.rg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы Ак-Чий айыл аймагынын окмотуно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Чий айылдык Кеңешинин укук,мыйзамдуулук жана тартип боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы _____________________________милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндон баштап күчүно кирет.
Кеңештин төрагасы: | А. Жунусов |