Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2019-жылдын 26-марты № XIV/4
Ак-Чий айыл аймагынын “Ак-Чий айылынын өнүктүрүү” фондундагы акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Каралган маселени карап угуп жана талкуулап кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Чий айылы аймагынын “Ак-Чий өнүктүрүү” фондуна түшкөн акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдарга жумшалсын
1. Ак-Чий айыл аймагынын салык адисине ноутбук алуу үчүн 25 000 сом.
2. Ак-Чий айыл аймагынын соц адиси Ж.Саалиевге клубда жайгашкан кабинеттин курулуш иштерин жүргүзүүгө 20 000 сом
3. Ак-Чий,Жаны-Тилек айылдарынын жарыктандырууга кеткен чыгымына 15 000 сом.
4. М.Балбаков атындагы орто мектебине МЕРСИКО уюмунан келген алма бак проектисинин өздүк салымына 50 000 сом.
5. Ак-Чий айыл аймагындагы МЧС адисине Айыл өкмөтүнүн балансысында турган кампанын документтерин бүтүрүүгө 15 000 сом.
6. С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын айрым жерлеринин трубаларын алмаштырууга 15 000 сом
7. “Нур-Ал” бала бакчасынын кошумча каридор салуу үчүн 30 000 сом
8. Ак-Чий,Жаны-Тилек айылдарына решетка жасап орнотуу үчүн 57 500
Жалпы сумма :227 500 сом
2. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн “Ак-Чий өнүктүрүү” фондунан чыгымдоо жагы фонддун төрайымы Калдыбекова М ,бухгалтери Стамбаева Назгүлгө милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Жунусов |