Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 15/2
Ак-Чий айыл аймагынын Турук участкасынан «Турук-Манинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин «Турук-Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6229 CE лицензия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген «Жер казынасы» жөнүндөгү мыйзамын жана «Жер жөнүндө» кодексин эске алып Ак-Чий айылдык кещешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турук участкасынан 2,48 га жер аянтын Турук-Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна казууга уруксат берилсин.
2. Жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш жүргүзүү жагы Турук-Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылсын.
3. Ак-Чий айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен келишим түзүү жагы ЖПБ төрагасы Ш.Турумбековго жүктөлсүн
3. Аталган токтом айыл өкмөтүнөн каттоого өткөрүлүп,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагын Ак-Чий айыл аймагынын өкмөт башчысы Э.Айыповго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Т. Турусбеков |