Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № XVIII/3
Ак-Чий айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20 беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Чий айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ак-Чий айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январына тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ак-Чий айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Балтабаева Бактыгүл Абакировна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Айыповго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом ГАМСУМО сайтына жаарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А. Жунусов |