КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2002-жылдын 9-декабры № 839 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен областынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын, Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү региондорду өнүктүрүүнүн актуалдуупроблемаларынын бири чакан шаарлардын жана шаарчалардын турмуштук аба-лын камсыз кылуу проблемасы болуп саналаарын белгилейт. Ушул шаарларга жана шаарчаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылык берилген багыты болуп эсеп-телет. Чакан шаарларды жана шаарчаларды андан ары өнүктүрүү жергиликтүүөз алдынча башкаруу системасын чыњдоого, борбордон ажыратууга, жерги-ликтүү коомчулуктардын, өкмөттүк эмес уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайда-ланууга, өздөрүнүн жана тыштан тартылган ресурстарды натыйжалуу пайда-ланууга негизделүүгө тийиш. Азыркы мезгилде шаарлардын көпчүлүгү жергиликтүү бюджеттердин ту-руксуздугунан улам калкты иш менен камсыз кылуу маселелерин, социалдыккызмат көрсөтүүлөрдү, экологиялык проблемаларды өз алдынча чече албайжатышат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-июнундагы N305-б буйругуна ылайык чакан шаарларды жана шаарчаларды өнүктүрүүнүнмамлекеттик программасы иштелип чыккан. Мамлекеттик программаларды толук жана комплекстүү аткаруу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасынөнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары; - 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасын со-циалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашы-руу боюнча чаралардын матрицалары. 2. 2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен об-ластынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын,Ысык-Көл областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын,Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй областынын Орловка шаарчасынөнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын финансылык камсыз кылуу булак-тары N 1-7-тиркемелерге ылайык аныкталсын. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар чакан шаарларды жана шаарчаларды кризистен чыгаруу боюнча практика-лык жардам көрсөтүү, алардын социалдык экономикалык проблемаларын чечүүбоюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекет-тик менчик башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министри Н.Танаев