Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 29 сессиясы
2020-жылдын 29-июлу № 29/3
Кара-Бүргөн айылынын тургуну Назаров Амангелдинин арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине”, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 29- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айылынын тургуну Назаров Амангелдинин үй-бүлөсүнүн айыл чарба багытындагы, суу баскан 2,16га үлүш жерин Ала-Буга дарыясынын нугу каптап, үлүш жери дээрлик жок калгандыгы белгиленсин.
2. Назаров Амангелдиге Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы КБФнун бош турган жер аянттарын убактылуу пайдалануу үчүн жеӊилдик берүү менен пайдаланууга берилсин.
3. Назаров Амангелди сураган Ача-Дөбө участкасындагы 2,16 га жер аянтын жайыт категориясынын суу баскан аянт категориясына которуу боюнча тийиштүү иш-аракетттер жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы | Г. Каналиева |