Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 31 сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 31/2
Кара-Бүргөн айыл аймагынын жапайы жаратылышын коргоого алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 31- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын жапайы жаратылышы жергиликтүү деӊгээлде коргоого алынсын.
2. Айылдын аймагына сырттан келип аӊ уулаган жарандарга карата жана жергиликтүү аӊчылык кылган жарандарга карата (аркар, кулжа, бугу, марал, улар,кыргоол,коён жана башка ушул сыяктуу кызыл китепке кирген жаныбарларга) жергиликтүү деӊгээлде көзөмөл жүргүзүлсүн.
3. Карышкыр, чөө атууга уруксат берилсин жана бул жагдайда айыл өкмөт тарабынын уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
4. Жаратылышты коргоого алуу багытында тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге кечиктиргис чаралар көрүлсүн.
Айылдык кеңештин орун басары | Т. Жузупбеков |