Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры № 45/66
Конорчок айыл ѳкмѳтүндѳгү дыйкан чарба жана үлүшкѳ бѳлүнгѳндѳн кийин ортодо калган «Уу Жабыр» жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлардын ордун мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Конорчок айылдык кенешинин тѳрагасы Байыш у Улук кыскача билдирүү жасады.
«Уу Жабыр»жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлар ортого калтырылганын баарыбыз эле билебиз. Азыр элдин мал жаны кѳбѳйүп,сарай курууга кызыккандар кѳп болуп калды,тиешелүү документтин жоктугунан улам, сарай сала албай жатышат. Эми бул сарайлардын орундарын мыйзамдаштыруу боюнча райондук мамлекеттик органдар менен иш алып барышыбыз керек.
Мамбетазимов Максат-Конорчок айылдык кенешинин депутаты.
Бул эки сарайдын орду боюнча эч кандай талаш маселеси жок экендигин баарыбыз билебиз. Элдин суроо талаптары кѳбѳйүп жаткандыктан,тиешелүү документтерин алуу боюнча иш аракеттерди кѳрсѳк.Эгер сарай курулуп калса жаз,күз мезгилинде айыл тургундарынын мал кароого жакшы мүмкүнчүлүктѳр түзүлмѳк. Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн жалпы элдик жыйынынын 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 7 токтомунун ,жер комиссиясынын 2019-жылдын 12-декабрындагы № 1 протоколунун негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Коңорчок айылынын тургундарынын сарай курууга суроо талаптарын орундатуу максатында,Коңорчок айыл ѳкмѳтүндѳгү ортого калтырылган, каттоого алынбай калган «Уу Жабыр»жана «Атабай Чап» участкасындагы сарайлардын орду муниципалдык менчикке каттоого алынсын.
2. Бул токтомду эки айлык мѳѳнѳт менен аткаруу жагы Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге тапшырылсын.
Төрага: | Байыш уулу Улук |