Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин сессиясы
2021-жылдын 4-июну № 4
Кун тартиби
1. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларын түзүү жана бекитүү жѳнүндѳ
2. Коңорчок айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү жѳнүндѳ Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Конорчок айылдык Кенешине тѳмѳндѳгүдѳй курамда туруктуу комиссия түзүлсүн.
1.Бюджет,финансы жана социалдык маселелери боюнча(экономикалык ѳнүгүү, инвестиция,муниципалдык менчик) Таалайбеков М, Касымбекова Т, Боталиев Т.
2.Жер жана агрардык маселелери боюнча (айыл чарбасы,суу,жайыт,жаратылыш байлыктары) Аманбек уулу У, Нарынбек уулу М, Мамбетазимова Н, Шамшыбеков А.
3.Мыйзам жана укук коргоо маселелери боюнча(саламаттык сактоо,спорт,билим берүү)Кожоев А, Жумаева Н, Асанова К.
4. Жергиликтүү талаш тартыш маселелерди жеринен кароо боюнча төмөндөгүдөй текшерүү комиссиясы түзүлсүн. Мамбетазимова Н, Кожоев А, Шамшыбеков А, Аманбек уулу У, Нарынбек уулу М.
2. Коңорчок айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 6 айына карата иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | мɵɵнɵтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Депутаттардын Конорчок айылдык Кенешинин 2021-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү. | май | Тѳрага |
2 | Конорчок айылындагы сугат сууларын пайдалануучулардын ассоциациясынын (СПА) 2020-жылга аткарган иши жана 2021-жылга сууну ирээтүү пайдалануу боюнча | Июнь Июль | СПА башчысы |
3 | Конорчок айыл аймагынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга карата бюджети жɵнүндɵ | июль | ФЭБ башчы |
4 | «Таш булак АТМ»дин 2020-жылдагы аткарган иши тууралуу жана 2021-жылга иш планы | Июнь Июль Августь Сентябрь | ИСКААКБнын башчысы |
5 | Конорчок айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2020-жылдагы аткарган иштери жана 2021-жылга иш планы | июль | Ж/комитетинин тѳрагасы |
6 | Айылдын тургундарынын малдарынын кыймылы, чабандардын алыскы жайытка кɵчүп конуусу боюнча | июль | Жайыт комитети жана атайын түзүлгɵн комитет. |
7 | Ак сай каналынын курулушунун натыйжасында пайдаланууга берилип жаткан сугат суу баскан жер аянттарын айылдын элине ижарага берүүнүн жол жобосун кароо, жер аянттарын тактоо жана Ак Сай каналынын курулуш иштери менен жакындан таанышып, кɵзɵмɵл иштерин жүргузүү. | июль | Атайын түзүлгɵн комиссия, тармактык комитет. |
8 | Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 2020-жылга аткарган иштери. 2021-окуу жылынын иш планы жана жыйынтыктары жѳнүндѳ | сентябрь | Мектеп директору |
9 | «Кубан Бɵбɵк» балдар бакчасынын кенже курактагы балдарга билим,тарбия берүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | Сентябрь Октябрь | «Кубан бѳбѳк»балдар бакчасынын башчысы |
10 | Айылдын элин медициналык жактан сапаттуу тейлѳѳ боюнча айылдык ФАПтын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | Октябрь | ФАП башчы |
11 | Н.Баев атындагы айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын элди маданий жактан тейлѳѳ боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ | Ноябрь | Клуб башчы, китепкана башчы |
12 | Кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартип укук бузуулар боюнча иш жургузуу | Ай сайын | Участкалык инспектор, уюм жетекчилери. |
Төрага: | А.Курманбаев |