Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
2021-жылдын 06-апрели № 64/89
АРИСтин АИД-3 долбооруна мурда сунушталган “Айылга бала бакча куруу” долбоордун приоритетин алмаштыруу жѳнүндѳ
АРИСтин АИД-3 долбооруна мурда сунушталган “Айылга бала бакча куруу” долбоордун приоритетин алмаштыруу боюнча “АРИС Конорчок” вотсап группасы ачылып,биринчи этап менен сурамжылоо жүргүзүлгѳн.Сурамжылоо 3 күнгѳ созулуп, 228уникалдуулук менен 319 пикир “ооба” деп добуш берилди.Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутаттар талкуулап Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. АРИСтин АИД-3 долбооруна мурда сунушталган “Айылга бала бакча куруу” долбоордун приоритети алмаштырылсын.
2. 2019-жылдын 29-ноябрындагы №43/64 АРИСтин АИД-3 долбооруна сунуштоо жѳнүндѳгү токтом жокко чыгарылсын.
3. Долбоор боюнча ишти алып баруу жагы демилгелүү топтун лидери Т.Макешовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айыл ѳкмѳт башчысы А.Акиевге жүктѳлсүн.
Төрага: | Байыш у Улук |