Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-ноябры № XXXXIX/1
Баетов айыл аймагына тиешелүү жайыт жолдорун сактоо максатында чараларды көрүү жөнүндө
Баетов айыл аймагына тиешелүү жайыт жолдорун сактоо максатында чараларды көрүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турук көмүр кенинен көмүр тартып жаткан ХОВО авто машиналары Баетов айыл аймагына тиешелүү “Кемеге”, “Соломо”, “Туура суу” жайлоолордогу жайыттарды жана жолдорду бузуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Көмүр тартып жаткан (ХОВО) авто машиналары жайыт жолдорунун кыртышын бузуп жаткандыгына байланыштуу жайыт жолдору менен өтүүгө тыюу салынсын.
3. Баетов айыл аймагына тиешелүү жайыт жерлеринен көмүр тартып жаткан оор жүк ташуучу машина (ХОВО) ээлерине, жерлердин кыртышын бузуп жаткандыгына байланыштуу (ХОВО) оор жүк ташуучу авто машиналары жайыт жолдор менен өтүүгө тыюу салынсын.
4. “Ак-Бейит” кчасткасына пост уюштуруу жагы каралсын.
5. Бул токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |