Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-ноябры № XXXXIX/2
Жергиликтүү бюджеттин сметасындагы статьяларындагы акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Маданият, искусство жана маалымат Мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомунун негизинде Баетов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясынын №1 протоколуна ылайык, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасынан статьяларды жылдыруу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин XXXXIX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин.
2. Баетов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин бала бакча разделинин сметасына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип бекитилсин.
№ | раздел | статья | сумма | Кыскартуунун максаты |
1 | 70911 | 2218 | 122,0 | Пандемияга байланыштуу бала бакчалар иштебегендиктен |
Жалпы: 122.0 сом акча каражаты кыскартылсын | ||||
№ | раздел | статья | Сумма | Статьяга жылдыруунун максаты |
| |
1 | 70823 | 2111 | 80,6 | Айыл аймактагы клуб кызматкерлеринин эмгек акысына |
| |
2 | 70823 | 2121 | 13,9 | Айыл аймактагы клуб кызматкерлеринин эмгек акысына соц.фондго |
| |
3 | 70821 | 2111 | 23,4 | Айыл аймактагы китепкана кызматкерлеринин эмгек акысына |
| |
4 | 70821 | 2121 | 4,1 | Айыл аймактагы китепкана кызматкерлеринин эмгек акысына эсептелген соц фондго |
| |
Баары: |
| 122,0 |
| |||
3. Жылдырылган акча каражатын өз максатында пайдалануу, толоп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджеттик тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |