Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-ноябры № XXXXIX/3
“Жеңиш” эс алуу паркынын айланасындагы тосмону алмаштыруу үчүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баетов айылындагы Мырзалымбеков көчөсүндөгү жайгашкан “Жеңиш” эс алуу паркынын айланасындагы тосмону алмаштыруу үчүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги ХХХХIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы Мырзалымбеков көчөсүндөгү жайгашкан “Жеңиш” эс алуу паркынын айланасындагы тосмону алмаштыруу үчүн өздүк салымына айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 316,985 (үч жүз он алты мин тогуз жуз сексен беш мин)сом бөлүнүп берилсин.
2. Мырзалымбеков көчөсүндөгү жайгашкан “Жеңиш” эс алуу паркынын айланасын тосмону алмаштыруу үчүн 316,985 (үч жүз он алты мин тогуз жуз сексен беш мин) сомдук жумушчу күчү менен бүткөрүлүүчү өздүк салымын уюштуруу жана жумуш күчүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 316,985 (үч жүз он алты мин тогуз жуз сексен беш мин)сом өздүк салым үчүн берилүүчү акча каражатын учурунда бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |