Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-январы № XXXXX/5
Баетов айыл аймагындагы айрым жерлерди бир категориядан экинчи категория которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы айрым жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXXXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын түштүк батыш тарабынан, түндүк чыгыш тарабына чейин №412, 439, 440, контурунан жалпы 3, 70 га жер аянты турак-жай салуу үчүн калктуу конуш катергориясына которулсун.
2. Жогорудагы аты аталган жерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) боюнча Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрацияга сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б. Капарбек уулу |