Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-январы № XXXXX/6
Баетов айылындагы спорт зал жөнүндө
Баетов айылындагы спорт зал жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын Кулубай көчөсүнүн күн батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги спорт залга кайрадан реконструкциялоо иштерин жүргүзүп, замандын талабына ылайык келтирип иштетем деген жарандарга убактылуу көп жылдык мөөнөткө берилсин.
2. Спорт залга тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | Б. Капарбек уулу |