Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-январы № XXXXX/7
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Баетов айылынын тургуну Кеңешбек уулу Адисбектин арызын кароо жөнүндө депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын тургуну Кеңешбек уулу Адисбектин 2021-жылдын 22-январындагы арызынын негизинде, өзүнө тиешелүү 1500 кв.м жер аянтынан өз макулдугуна ылайык 780 кв.м жер аянтын мечит куруу үчүн белекке берип жаткандыгы эске алынсын.
2. Кеңешбек уулу Адисбектин өзүнө тиешелүү 1500 кв.м жер аянтынан өзүнүн макулдугу менен белекке берип жаткан 780 кв.м жер аянты муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун негизинде иш алып баруу жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине тапшырылсын.
Төрага: | Б. Капарбек уулу |