Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын 2-чи кезектүү сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 2
Кара-Булуң айылында бала-бакча курууга курууга карата жер аянтын берүү жөнүндө
Кара-Булун айылында бала-бакча курууга карата жер аянтын берүү боюнча карап чыгып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл өкмөту тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/8 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Чоко уулу Конурбай көчөсүндөгү №31 дарегиндеги 4-02-04-1002-0131 идентификациялык номердеги 10150 чарчы метр кыймылсыз мүлк бирдигине өзгөгртүү киргизилсин.
2. Кара-Коюн айыл өкмөт тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/8 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтунун муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Чоко уулу Конурбай көчөсүндөгү №31 дарегиндеги мечиттин аянты 4-02-04-1002-0131 идентификациялык номердеги 10150 чарчы метр жер аянтынын ичинен 4500 чарчы метр жер аянты Кара-Булуң айылына муниципалдык менчиктеги 125 орундуу бала-бакчанын жаңы имаратын курууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага: | Б. Айыпов |