Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын 1-чи кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-майы № 5
Айыл аймагынын жазгы айдап себүү тарифин, көчүү-конуу графигин жана малдын багылышынын баасын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын жазгы айдап себүү тарифин, көчүү-конуу графигин жана малдын багылышынын баасын бекитүү тууралуу карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майда мал жандыгына малчылар жайкысын 40сом, кышкысын 50сомдон багышсын. Жайыт акы малчыдан чогултулуп жайкы баккан бир айы 50сом болсун. Кыштоо мезгили ноябрдан-февраль айынын аягы болуп белгиленсин.
2. Уй баласына 250сомдон, букага 300сом болуп бекитилсин. Жайыт акы малчыдан алынсын.
3. Ички жайыттан жайлоого кетүү убактысы 20-майга чейин, жаздоого кетүү убактысы 20-апрелден бекитилсин. Көчпөй койгон малчыларга тартип чарасы көрүлсүн. Күзгү көчүп келүү 1-октябрь болуп бекитилсин.
4. Корук 20-апрелден башталсын, бада 1-майдан баштап уюштурулсун. Кочкор 150сомдон Бел-Кара-Суу, Сарынын булагына жайласын. Ботошко кароолчулукка бир адам калтырылсын, малы 10уй, 1 үйүр жылкыдан ашпасын.
5. Эрте түшкөн бодо малдын ээлерине, бакан малчыга эскертилсин, кайра жеткирбесе бодо малдын башына 500сомдон, майда жандыкка 20сомдон айып пул салынсын, бузуулар кодексине ылайык каралаары белгиленсин.
6. Дың жер бузуу 1 гектарга 25литр солярка 1000сом, айдоо жер 20литр солярка 800сом, тырмоо 500сом, себүү 500сом, чөп чабуу жатка 1000сом 10литр солярка, косилка 800сом 10 литр солятка болуп бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жана айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |