Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезексиз сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 1
Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн жайыт жерине сырттан келген мал башына жайыт акыны бекитүү жөнүндө
Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт жерине сырттан келген (башка аймактардан) мал башына жайыт акыны бекитүү тууралуу карап чыгып, Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге башка аймактардан келип жайлаган мал жандыктарына жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
1.Майда жандыкка (кой-эчкиге)- 50сом
2.Бодо малга - 200сом
2. Жогорудагы бекитилген жайыт акыны өз убагында аткарылышын көзөмлдөп ишке ашыруу жагы Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Маамытовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |