Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезексиз сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 2
Кара-Булуң айылында фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курууга карата жер аянтын берүү жөнүндө
Кара-Булуң айылында фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курууга карата жер аянтын берүү боюнча карап чыгып, Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/1 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр кыймылсыз мүлк бирдигине өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 16.09.2004-жылдагы №28/1 токтомунун негизинде Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 1400,0чарчы метр жер аянты Кара-Булуң айылында фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курууга карата бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кара-Булуң айылынын Модубаев Иният көчөсүндөгү №33/3 дарегиндеги 4-02-04-1002-0413 идентификациялык номердеги 3324,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен калган 1924,0 чарчы метр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |