Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезексиз сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 3
Кызыл-Туу айылына спорт комплекстин жаңы имаратын курууга карата жер аянтын берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылына спорт комплекстин жаңы имаратын курууга карата жер аянтын берүү боюнча карап чыгып, Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 24.02.2005-жылдагы №5 токтомунун 5-пункту менен Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Туу айылындагы КЛУБга тиешелүү 4-02-04-1002-0057 идентификациялык номердеги 5576,80 чарчы метр кыймылсыз мүлк бирдигине өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан 24.02.2005-жылдагы №5 токтомунун 5-пункту менен Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Туу айылындагы КЛУБга тиешелүү 4-02-04-1002-0057 идентификациялык номердеги 5576,80 чарчы метр аянтынын ичинен 1000,0чарчы метр жер аянты спорт комплекстин жаңы имаратын курууга карата бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Туу айылындагы КЛУБга тиешелүү 4-02-04-1002-0057 идентификациялык номердеги ичинен калган 4576,80 чарчы метр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |