Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезектүү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 3
Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүүнү карап талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ)2021-жылга карата бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
№ | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдары | Саны | Баасы | суммасы |
1 | Конц.товар, байланыш, компьютер ж.б чыгымдар | 12 айга |
| 3миң сом |
2 | Жайыт налогу | 34663га жерге | 2,25/1,34 | 80миң 664сом |
3 | ГСМ жана транспорт чыгым |
|
| 20миң сом |
4 | Төраганын эмгек акысы | 12 айга | 1ай*6000 | 72миң сом |
5 | Бухгалтердин эмгек акысы | 12 айга | 1ай*6000 | 72миң сом |
6 | Соц.фонд 17,25% | 12 айга |
| 20миң 700сом |
7 | Жайыт инфраструктурасын оңдоого |
|
| 166миң 656 сом |
8 | Жалпы |
|
| 435миң сом |
Кара-Коюн айыл аймагынын шарттуу малдын башы.
№ | Малдын түрү | Саны | Которуу коэффициенти | Шарттуу мал | Билет баасы | Жалпы |
1 | Кой-эчки | 24685 | 0,2 | 4937 | 10 | 246850 |
2 | Жылкы | 1800 | 1,0 | 1760 | 50 | 88000 |
3 | Уй-топоз | 2050 | 1,0 | 2003 | 50 | 100150 |
4 | Баары | - | - | 8787 | - | 435000 |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ЖПБнын башчысы К.Маамытовго, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |