Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезектүү сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 5
Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруу жөнүндө
Кара-Булуң айылына айыл тургундарынын саламаттыгын сактоого карата жаңы ФАП куру боюнча Кара-булун айылынын айыл башчысы К .Мамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) Модубаев Иният менен Миңбаев Бакырдин көчөлөрүнүн кесилишине курууга карата макулдук берилсин.
2. Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга карата тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү, уюштуруу жагы Кара-Булуң айыл башчысы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Б.Айыпов |