Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз ХXXIV сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 34/1
Айылдык аймакта ѳткѳрүлгѳн элдик жыйындын чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жазгы айдап себүүнүн графиги 15-апрелинен 25-майга чейин жана тарифи 1 (бир) гектар жерге 2000 сом 50 литр май болуп белгиленсин.
2. 15-апрель 2021-жылдан баштап корук башталсын. 15-июнда Орто – Сырт жайлоосунан Арпа жайлоосуна, 1-августан Арпа жайлоосунан Орто – Сырт жайлоосуна, Орто – Сырт жайлоосунан айылга 25-сентябрдан кѳчүп келүү жагы белгиленсин. Мал баккан бадачылардын 1 айга мал багуу тарифи бодо малга 250 сом, майда жандыкка 45 сом болуп бекитилсин.
3. Бада багуучу менен мал кошкондордун ортосунда келишим түзүлүп, милдеттери белгиленсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |