Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 21-февралы № 20/7
Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын 2035-жылга чейинки ѳнүгүү боюнча башкы планын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексине» ылайык, Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын келечектеги ѳнүгүүсүнѳ байланышкан кѳйгѳйлѳрдүн, маселелердин топтомун чечүү, калктын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды түзүп берүү, мамлекеттик аймактарды ѳнүктүрүү программасына ылайык тараптардын шааркуруу ишиндеги кызыкчылыктарын мыйзамдардын чегинде коргоо үчүн Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын башкы планына байланышкан жана пландаштырылып жана гармониялуу ѳнүгүүсү үчүн Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу «Технопарк» илимий технологиялык борбору тарабынан иштелип чыккан Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын башкы планынын 2035-жылга чейинки ѳнүгүү долбоору бекитилсин.
2. Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн башчысына тѳмѳндѳгүлѳр милдеттендирилсин:
-- Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясы жана аталган райондук кыймылсыз мүлктѳрдү каттоо бѳлүмү менен биргеликте 2019-жылдын 1-августуна чейин Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын башкы планда каралган чектеринин долбоорун иштеп чыгып, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына кароого киргизсин.
-- Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын мамлекеттик шааркуруу кадастрынын электрондук версиясы иштелип чыксын.
--Куруу иштерин жүргүзүүдѳ бекитилген башкы пландын негизги чечимдерине ылайык болсун.
3. Бул чечимдин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Ак-Талаа районунун башкы архитектору Р.К.Алдеевге жүктѳлсүн.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |