Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 25-апрели № 21/5
Үгүт айыл ѳкмѳтүндѳ салыктын жыйналышын тактоо боюнча комиссия түзүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергилиутүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамына ылайык, Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үгүт айыл ѳкмѳтүндѳ салыктын жыйналышын тактоо боюнча курамы үч адамдан турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгѳн комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары Ж.Капаков, Т.Момбеков, З.Чогулдуровалар киргизилсин.
3. Түзүлгѳн комиссияга салыктын жыйналышы боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, кезектеги сессияга маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |