Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-августу № 23/3
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу»
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдаланууну жүзѳѳгѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги жѳнүндѳ Жобонун» негизинде Үгүт айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Ак – Талаа райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн Типтүү келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен социалдык адистигине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |