Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-августу № 23/4
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдын башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары менен Үгүт айыл ѳкмѳт башчысы Ы. Эсенгуловдун түшүндүрмѳсүн угуп, Үгүт айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Ак – Талаа райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн Типтүү келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен кирешелер боюнча жетектѳѳчү адисине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |