Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXIV сессиясы
2019-жылдын 31-октябры № 24/5
Үгүт айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык негиздери жѳнүндѳгү» мыйзамына ылайык ылайык, Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Үгүт айылындагы мончо боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында ѳздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 588900 (беш жүз сексен сегиз миң тогуз жүз) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктундагы каражат 2019-жылдын калдыгынан (свободный остаток) каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |