Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 5-февралы № 26/1
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Үгүт айыл ѳкмѳт башчысы Ы. Эсенгуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Үгүт айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Үгүт айылдык аймагында аткаруу милдетине айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мааданбеков Анарбек Билаловичке бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу жагы Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ы. Эсенгуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтка жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |