Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXVIII сессиясы
2020-жылдын 24-июну № 28/2
Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү» мыйзамына жана Бюджет кодексинин негизинде, айыл ѳкмѳтүнүн киреше бѳлүгүндѳгү пландан сырткары түшкѳн 14152900-жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн тѳлѳм 241000 (эки жүз кырк бир миң) сомду чыгымдоо максатында, Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн киреше бѳлүгүнѳн 241 миң сом каражат тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдалсын:
--ЖКХга: Үгүт айылындагы коомдук мончонун ѳздүк салымы үчүн 3111 статьясына 116100 сом;
2215 статьясына 20000 сом;
-- Мектеп: 3112 статьясына – 104900 сом чыгымдалсын.
Жалпы: 241000 сом чыгымдалсын.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |