Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 3-декабры № 31/3
Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен каражат бѳлүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамына жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамына ылайык карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы бюджетинен үнѳмдѳлгѳн суммасынан Байгѳнчѳк айыл элине асыл тукум бука алып берүүгѳ каражат бѳлүнсүн.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен асыл тукум бука алууга каражатты бѳлүп берүү жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
Төрайымы: | Р. Майрыкеева |