Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айыл аймагынын Кеңешинин алтынчы чакырылышынын XXII сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 4
Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2021-жылга киреше, чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жайыт” мыйзамына ылайык күн тартибиндеги Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кадыркулов Эртиш Карыпбаевичтин бүлдүрүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Талап айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1.1 Жаны-Талап айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 248 100 мин сом жана чыгаша бөлүгү 248 100 мин сом.
2. Киреше бөлүгү:
Шартуу мал башынан – 213100
Келишим боюнча Сон-Кол жайлоосуна турист тосуучулар 35000 мин сом
Жалпы 248100 мин сом.
3. Чыгаша бөлүгү:
Баардык ар кандай чыгымдарга-248 100 мин сом
1.2 Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга көбөйгөндүктөн жетпеген 61700 мн сомду каржы министирлигинен кошумча план бекитип берүү жагы суралсын.
1.3 Бул токтомду аткаруу жагы Жаны-Талап айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кадыркулов Эртиш Карыпбаевичке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Бексултанов |