Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айыл аймагынын Кеңешинин алтынчы чакырылышынын XXII сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 9
Жаны-Талап айыл аймагынын малды идентификациялоо үчүн атайын жайга жер бөлүп берүү жана куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жайыт” мыйзамына ылайык Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси Макелеев Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Талап айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Бодо малды идентификациялоо: уйга бирка тагуу жана жылкыга чип басуу үчүн раскол салынсын.
2. Жаны-Талап айыл аймагынын күн чыгыш тарабындагы Куртка суунун жээгинен/ жайыт жерден (№915 контурга) раскол салуу үчүн убактылуу (5-жылга) курулуш курууга 0,50 га жер бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзам чегинде карап документтерин даярдоо жана курулуш куруу жагы Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн мал чарба боюнча адиси Макелеев Алтынбек Арпачиевичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өкмөт башчы К.Бейшенкуловго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Бексултанов |