Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айылдык кеңешинин XIV сессиясы
2019-жылдын 7-августу № XIV/2
“Бөбөк-Тай” бала бакчасынын 2019-2020-окуу жылына ремонт иштеринин даярдыктары жана аткаруусу жөнүндө
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Жаны-Талап айылдык “Бөбөк-Тай” бала бакчасынын 2019-2020-окуу жылына ремонт иштеринин даярдыктары жана аткарылып жаткан иштер жөнүндө бала бакчанын жетекчиси Ж.Мурсалиеванын билдируусун угуп жана талкуулап жана айтылган сын-пикирлердин негизинде Жаңы-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн Жаны-Талап айылдык Бобок-Тай бала бакчасынын 2019-2020-окуу жылына ремонт иштеринин даярдыктары жана аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын. Мурунку сессияда берилген тапшырмалардын аткарылбай жаткандыгы белгиленсин
2. Бобок-Тай бала бакчасы эски мектептин имаратына кочуруу,эски мектепти бала бакчага ылайык ремонттоого акча каражатын табуу жагы айыл окмотуно сунуш кылынсын.
3. Эски мектептин имаратын ремонттого керектуу материалдардын сметасын тузуу жана тез аранын ичинде ишке ашыруу жагы Мурсалиева жуктолсун.
4. Бала бакчаны эски мектептин имаратына кочуруу 1-октябрга белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.
Төрагасы: | А. Бексултанов |