Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айылдык кеңешинин XIV сессиясы
2019-жылдын 7-августу № XIV/5
1.Жайыт комитетинин учурдагы аткарып жаткан иштери жана төлөмдөрдүн чогултулушу жөнүндө
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жайыт” мыйзамына ылайык күн тартибиндеги Жайыт комитетине жана айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыз даттанууларды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Талап айыл аймагындагы Сон-Көл жайлоосунан коммерциялык багытта пайдалануу үчүн айыл тургундарынан келип түшкөн арыз даттануулар атайын адистерди чакыруу менен жеринде барып чечилсин.
2. Бул берилген жер боюнча документтештирүү жана мыйзамдаштыруу, тиешелүү адистерди чакырууга билдирүү жөнөтүү жагы Жаны-Талап айылдык Жайыт комитетинин төрагасы Э.Кадыркуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.
Төрагасы: | А. Бексултанов |